Нарында эркек киши бөтөлкөлөшүн сабап өлтүрүп, анын жансыз денесин зордуктаган

29 мая 2019 18:05 2247 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын шаардык соту өзүнүн таанышын өлтүрүп, зордуктаган адамды 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу токтом Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланганын жергиликтүү ЖМК кабарлады.

Максат аттуу соттолгон жаран Бактияр (аты-жөнү өзгөртүлдү) менен автобекеттин аймагында таанышкан. Ошол жерде жайгашкан дүкөндөн бир бөтөлкө спирт ичимдигин алып, Бактиярды өзүнүн таанышынын үйүнө чакырат. Ал жерде Максат менен Бактиярдын ортосунда чыр чыгып, Максат Бактиярды бир нече жолу башка жана көзгө койгулаган. Ал эсин жоготуп жыгылганда, буту менен тепкилеген. Андан соң жансыз денени башка бөлмөгө сүйрөп барып зордуктаган. Алган жаратынан улам Бактияр ошол жерде каза болгон.

Райондук сот Максатты 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал тосмо арыз берип, Бактиярды өлтүрбөгөндүгүн, чынында эле уруша кетишип, бир нече ирет чапкандыгын, бирок зордуктабагандыгын айткан. Анын айтуусунда ал күнү үйдө Талант аттуу дагы бир таанышы болгон. Бактиярды Талант сабап, андан кийин качып кеткендигин айтуу менен биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.

Соттук коллегия иштин материалдары менен таанышып, Максаттын доо арызын канааттандырган жок. Ошондой эле Максат моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилди.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-erkek-kishi-btlklshn-sabap-ltrp-anyn-zhansyz-denesin-zorduktagan



Добавить комментарий