Нарында депутаттар суу курулмаларын кыдырышты
Жогорку Кенештин комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков баштаган депутаттар Нарын районунун бир катар айылдарындагы суу курулмаларынын учурдагы абалы менен таанышып чыкты.
Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы кабарлады.
Алсак, Оттук, Эчки-Башы, Кеңеш айылдарында болушуп, калкты таза суу менен камсыз кылуучу обьекттерди өз көздөрү менен көрүштү. Дегеле облус боюнча 42 айыл ичүүчү таза сууга муктаж. Айрымдары жарым-жартылай камсыз болгон болсо, айрым айылдарда сууну арыктан ташып ичишет. Ал эми депутаттар өздөрү күбө болгон өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулган суу курулмалары реконструкциялоого муктаж. Ошол учурда салынган асбест трубалар өз мөөнөтүн эчак өтөп бүткөн. Резервуарлары заман шартына ылайык келбей калган. Сууну хлорлоп жана башка жолдор менен тазалоого мүмкүнчүлүктөрү жок. Суунун көлөмү айылды толук камсыз кылууга жетпейт. Нарын шаарындагы негизги көйгөй болсо канализация, ыплас, саркынды сууларды тазалоо экен. Аны да жеринде көргөн депутаттар тазаланбаган ыплас суулар түз эле Нарын дарыясына куюлуп жатканына күбө болушту. Канализациянын трубаларын кеңейтпесе Нарын шаарына жаңы ишканалар менен көп кабаттуу үйлөрдү куруу кыйынчылыкты жарата баштаган. Ичүүчү суунун тазалыгынан кабар алуу максатында депутаттар Нарын шаарындагы санэпидемстанцияга барып, лабораториялардын иши менен таанышты. Нарын шаарындагы ичүүчү суу башка региондорго караганда кыйла таза экендигине күбө болушту. Эртеси күнү аталган комитеттин көчмө жыйыны комитет төрагасынын орун басары Алмасбек Акматовдун сунушу менен Нарын шаарында өткөрүлдү. Жыйында «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу курулмаларынын абалы, «Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун долбоорун жана Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашуунун долбоорун» жактыруу боюнча КР Өкмөтүнүн буйругунун долбоору туурасындагы маселелер талкууга алынды. Бул максатта Азия өнүктүрүү банкы 32,9 млн долллар каражат бөлүп жаткан. Анын жарымы жеңилдетилген шарттагы кредит, калган жарымы грант болуп эсептелет. Кыргыз өкмөтү бул долбоорго 5,5 млн доллар үлүш менен кошулат. Облустагы 42 айылды таза суу менен камсыз кылуу эки этапка бөлүнгөн экен. Бирок, жыйынга келген жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү экинчи этап деп бөлүп отурбай эле бир учурда баштап, бир учурда бүткөрүп берсеңер деген сунушту айтышты. Нарын шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу обьектини реаблитациялоого бөлүнгөн каражатка Өкмөт өзүнүн 0.5 пайыз үстөгүн кошкон. Андан тышкары долбоорду ишке ашыруу кечеңдегенден улам 2.9 млн сом Нарын шаарынын моюнуна түшүп жаткан. Комитет бул жагдайда Нарын шаарынын мэриянын күнөөсү жок экенин эске алып оң жагына чечип берүүнү өкмөттүн өкүлдөрүнө эскертти. Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылына суу түтүктөрүн куруу иштери башталып, бирок жылыга аз-аздан кана акча бөлүнгөндүктөн иш жылбай жаткан. 35 млн сом бөлүнүш керек болсо, эки жылдан бери болгону 9 млн сом бөлүнгөн. Жерге-Тал, Жалгыз-Терек айылдарына суу түтүктөрү курулганына 50 жылдан ашкан. Трубалары эскирип, ар кайсы жерден жарылып чыга баштаган.
Айтылган маалыматтарга таянсак таза суу менен камсыз кылуу 4-5 жылдын аралыгында толук бүткөрүлүүгө тийиш. Анткени бул боюнча саясий да, финансылык да маселелер чечилген. Комитеттин жыйынында ошону менен бирге эле сугат суулары менен камсыз кылуу маселелери талкууга алынды. Он-Арча насостук станциясын калыбына келтирүү иштерин жүргүзбөсө миңдеген гектар жерге суу чыкпай калат. Тешик, Куртка чакан суу сактагычтарын куруу сугат аянттарын суу менен камсыз кылгандан тышкары дагы миңдеген гектар жаңы айдоо аянттарын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет эле деген сунуш-талаптар да ортого коюлду.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-deputattar-suu-kurulmalaryn-kydyryshty
Добавить комментарий ×