Нарында жээктерди бекемдөө иштери аткарылууда
Нарын облусунда капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата Нарын облусунан болжолдуу-планына 22 объектиде тиешелүү жумуштарды аткаруу пландалган. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми алдын алуу багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы Болжолдуу-планына Нарын облусунун аймагынан 19 обьектиде жумуш аткаруу сунушталган. Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы Жоон-Арык суусунун 990 метр аралыктагы жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин жыйынтыгында Көк-Жар айылынын 20 турак-жайы жана 1 мектеп сел жана суу ташкындарынан корголду. Аталган иш-чарага КР ӨКМдин техникалык каражаттары тартылды.
Бүгүнкү күндө ӨКМ тарабынан 2300 литр күйүүчү май бөлүнүп, Жумгал районунда 1 объектиде техника каражатынын жардамы менен жумуш аткаруу пландалууда.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-atajyn-aldyn-aluu-zhana-kesepetterin-zhoyuu-ish-charalary-zhrp-zhatat
Добавить комментарий ×