Нарында 40 жаштагы киши 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады. Бул фактыны милиция иликтеп жатат
Поделиться в:
Нарындын Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 40 жаштагы айыл тургуну 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган факты катталды.
Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын маалымат кызматынын өкөлү Кундуз Эсенгулова “barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында окуя боюнча райондук милиция тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Териштирүү жүргүзүлүп жатат. Шектүү камакка алынган эмес.
Кошумчалай кетсек, "Кабар" маалымат сайттында кыз зордукталганы, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген экени, ишти жаап салуу үчүн эркек кишинин туугандары кыздын ата-энесине атайын сунуштарды айтып жатканы тууралуу маалымат айтылган.
Милиция бул айтылгандардын баарын жокко чыгарды.
Добавить комментарий ×