Нарында сел суулары каналдан ашып 2 турак үйдү каптады (Сүрөт)
Нарын облусунун Нарын районунда сел суулары каналдан ашып 2 турак үйдү жана чарбачылык жолду каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 29-июль күнү Нарын районунда жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген жаан суулары Нурбай-Булуң тилкесинде жайгашкан Нурбай-Булуң каналына батпай Шүкүрбек көсүндө жайгашкан 2 турак үйлөрдүн короолоруна кирип, 250 метр ички чарбачылык жолду каптады.
"Жерине Нарын райондук №16 ӨКБдан 6 куткаруучу АКУ менен тартылып, каптарга кум толтуруп каналдын жээгин бекемдеп жана арыктардын ичин кум шагылдан тазалашкан. Ошондой эле, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет туруксуз аба-ырайы тууралуу шашылыш эскертүү тараткан.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-2-turak-jd-sel-kaptadysrt
Добавить комментарий ×