Нарын облусунда жер титирөө болду
Поделиться в:
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-август күнү саат 22:53тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады№
Жер титирөө Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында - 3 балл, Ак-Жар, Ат-Башы, Кызыл-Туу, Терек-Суу айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/naryn-oblusunda-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×