Нарын дарыясынан элүү жаштардагы аялдын денеси табылды
Поделиться в:
Кара-Көл шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен элүүлѳр чамасындагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, жерине 11 куткаруучу тартылып, Бишкек—Ош унаа жолунун 424-чакырымында Нарын дарыясына түшүп кеткен 1969-жылы туулган И.А. аттуу аялдын жансыз денесин саат 01:40та суудан чыгарышкан. Андан соң маркумдун денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/naryn-daryyasynan-el-zhashtardagy-ayaldyn-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×