"Наруто" аниме-сериалынын режиссеру Осаму Кобаяси каза болду
Япониялык белгилүү аниматор, иллюстратор жана "Наруто" аниме-сериясынын режиссёру Осаму Кобаяси 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын Twitter баракчасына жакындары тарабынан жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, режиссер бөйрөк рагынана улам каза болгон. Ал өмүрүнүн акыркы эки жылында бөйрөктүн рак оорусу менен күрөшүп келген.
“Эки жылдан бери бөйрөк рагы менен күрөшүп келе жакан. Тилекке каршы, аны менен күрөшүүгө алы жетпей калды. Алдыга койгон максаттары, бүтүргүсү келген жумуштары көп эле. Кош бол!", - деп айтылат анын соцтармактагы баракчасына жакындары жазган билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Осаму Кобаяси бир топ сериялдардын долбоорлорун ишке ашырууга катышкан режиссер катары белгилүү. Ага атактуулук алып келген сериалдары "Наруто: Шиппуден", "Бек", "Райский поцелуй" жана "Гуррен-Лаганн"
Ссылка: https://barometr.kg/naruto-anime-serialynyn-rezhisseru-osamu-kobayasi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×