Нариман Түлеев: Атамбаев бийликти узурпациялап, ишкерлерди тоногон

18 июня 2019 12:45 4786 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 18-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссиянын жыйынында Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева өзүнүн атасынын кайрылуусун окуп берди.

 “Атамбаев мени саясий аренада гана жок кылууну эмес каржылык планда дагы жок кылууну каалады. Анын командасы коррупция менен күрөшүүгө жамынып алып мени тоноду. Мен комиссия менен иштешүүдө баарын айтып бере алам. Бийликти узурпациялоонун белгилери менин камакка алынышыман башталды.Кылмыш ишине тиешеси жок адамдардын мүлкүн тартып алышты.Мен мага тиешелүү маалыматты комиссиянын ишине кошууну сурайм”,-деп окуп берди атасынын кайрылуусун Түлеева.

Ссылка: https://barometr.kg/nariman-tleev-atambaev-bijlikti-uzurpaciyalap-ishkerlerdi-tonogon



Добавить комментарий