Наргиза Мансурова — биография

13 января 2020 17:31 2182 Barometr
Поделиться в:
ok

Мансурова Наргиза Аскаровна 1980-жылы 5-майда Ысык-Көлдүн Каракол шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 2002-жылы Ысык-Көлдөгү Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин филология факультетин актаган.

Эмгек жолу:

2003 — Кыргыз телерадиоберүү компаниясында балдар программасынын редактору;

2006 – 2009 — "Кылмыш жана жаза" гезитинин жооптуу редактору;

2009 – 2010 — "АКИпресс" маалымат агенттигинин кабарчысы;

2010 – 2013 — "АКИпресс" маалымат агенттигинин "Баракелде" порталынын башкы редактору;

2013 – 2014 — КР президентинин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн эксперти;

2014 – 2016 — "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору;

2016 – 2017 — Жогорку Кеңеште консультант;

2018 – 2019 — Президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн ЖМК менен байланыш жана ыкчам маалымат секторунун жетекчиси;

2019 – 2020 — Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

2020-жылдын 13-январынан тарта президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси.

Башка маалыматтар:

"Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси" класстык чини бар.

Ссылка: https://barometr.kg/nargiza-mansurova-biografiya



Добавить комментарий