Наполеон Бонапарт кийген кара өтүк 117 миң еврого сатылды

30 ноября 2019 11:30 2339 Barometr
Поделиться в:
ok


Наполеон Бонапарттын кийген (1769-1821-жылдары) кайыш өтүгү Париждеги аукциондо 117 миң еврого сатылды.

Бул тууралуу Drouot аукциондук борбору өзүнүн Twitter баракчасына жазды. Анда аталган өтүктүн сүрөтү коюлуп билдирүү жазылган.

Наполеондун өтүгү €117,208 миңге сатылды. Биринчи империянын күйөрмандары дагы деле көп”, - деп айтылат сүрөттү коштогон билдирүүдө.

Франциялык тарыхчылардын билдиришинче, 40-өлчөмдөгү, кончу 48 сантиметр болгон бул кара түстөгү кайыш өтүктү Наполеон Ыйык Елена аралында сүргүндө жүргөндө кийген.

Наполеонду сүргүндө коштоп жүргөн адъютант – генерал жана граф Анри Бертран бул өтүктү Францияга алып келгени айтылат.

Ссылка: https://barometr.kg/napoleon-bonapart-kijgen-kara-tk-117-mi-evrogo-satyldy



Добавить комментарий