Нарматова: Бычакка сап болчулардын баарын "соттолду" деген атка кондуруп алып, кийин өкүнүп калбайлы

22 февраля 2021 17:16 3767 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Надира Нарматова азыркы бийликке кайрылып, “кустурат десе эле баарын камай бербей, аныктап, күнөөсүн далилдеп анан камагыла” деген оюун айтты. Бул тууралуу Нарматованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Оо  баш көтөргөн жакшылар, башчылар , мыктылар, кыйындар, жалпы эле  мырзалар!

Төмөнкү бир улуу адамдын айткан сөзүн көкүрөкө түйүп алгыла!

Азыркы учурда бизге керектуу  сөздүн асылы экен.

Кустурат десе, дароо камап албай, аныктап, тактап, күнөөсүн мойнуна коюп, айыбын угузуп, анан, камагыла.

Атамбаев менен Текебаевдин түзгөн  системасынан этият болгула!

Бычака сап болчуу ,тыңчыкмалардын калган катканын баарын "соттолду" деген атка кондуруп, жараксыз кылып алып, кийин өкүнбөйлү. Абайлагыла! Мыйзам ченемдүү болсун азаматтарым!”, - деп жазды Нарматова.

Ссылка: https://barometr.kg/nadira-narmatova-bychakka-sap-bolchu-kyjyndardyn-baaryn-sottoldu-degen-atka-kondurup-alyp-kijin-knp-kalbajly



Добавить комментарий