Мышыкты мыкаачылык менен өлтүргөн жаран элдерден кечирим сурады

14 ноября 2018 08:55 1137 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Мышыкты аткан бала видео аркылуу элге кайрылып, көпчүлүктөн кечирим сурады. Анын айтымында мышык кутурма оорусу менен ооруган, колтуктарында жара бар мышык болгон. Ошондой эле балдарга дагы ар кандай жугуштуу ооруларды жуктурбасын деген ниетте өлтүргөн.

Эске салсак, 5-октябрда үйүнүн жанында алдын ала мышыкты байлап даярдап коюп, пневматикалык тапанча менен аткылап, ага комментарийлеген адамдын видеосу интернетте ызы-чуу жаратып, жаныбарларга болгон мыкаачылык мамиле катары сыпатталып милиция издөө салган. 

Мышыкты аткан адам 1983-жылы туулган Жалал-Абад облусунун жашоочусу Ильяз Кубатбеков аттуу жаран болуп чыкты. 

Ссылка: https://barometr.kg/myshykty-mykaachylyk-menen-ltrgn-zharan-elderden-kechirim-surady



Добавить комментарий