Мырзаларга жана айымдарга интимдик бакыт үчүн эмнелер керек?
Бакыттык гормоналдык себептери кандай? Эркектер жана аялдар физиологиялык жактан ар түрдүү түзүлүшкөн, ошондон баштайлы.
Айым өзүн бактылуу сезиши үчүн серотонин жана окситоцин аттуу гормондордун жогору болушу зарыл.
Алар төмөнкүдөй шарттарда активдүү бөлүнүп чыгат:
1. Үй-бүлөлүк бейпилдик.
2. Үй-бүйлөдө, жумушта тең салмактуу, тынч абал.
3. Бош убактарында курбулары менен узак, чери жазылгыча ушакташуу.
Ал эми эркекке болсо жашоодон ойдогудай канааттандыруу алыш учун допамин жана тестостерон гормондору зарыл. Ушул эки гормон биздин баатырлардын эндрофинин көтөрөт. Биз төмөндө айта турган факторлор менен таанышсаңар, силер бул абал айымдар менен карама-каршы экенин түшүнөсүңөр.
1. Жашоонун кыйын маселелерин чечүү, үйбулөдөгү маселелер, жумуштагы маселе.
2. Конфликтерде, уруш талаштарда сөзсүз аныкы чын болушу керек.
3. Башкаларга жардам берүү, айымдарга, балдарга, кары адамдарга.
4. Жасаган боорукер иштерине, жетишкендиктерине алкыштарды алуу.
Сиздин мырза күнүмдүк тиричиликтен баштап интимдик жашоосуна чейин көп убакытка өзүнүн активдүүлүгүн сакташын каалайсызбы?
Анда маал-маалы менен стресстик абалдарды түзүп коюп туруңуз. Албетте, чеги менен, рамкадан чыгуунун кажети да жок.
Женил стресс эркектерди активдүүлүккө алып келет, ал допамин жана тестостерон гормондорун жогорулатат. Жакынкы күндөрү эркектин активдүүлүгүн байкайсыз, жашоодо, интимдик чөйрөдө активдүүлүгү жогорулап калат. Ошондуктан эркекти үйдө кармабаңыз: тынч абалда керектүу гормондордун деңгээли төмөндөп, ал чарчагансып, активдүу эмес, көңүл кош боло баштайт. Жашоодогу жетишкендиктер, өзүнүн каалаган иши, жеңил стресс аны активдүү, чыгармачыл, тоону омкорчудай кылып-баатырдык сапаттарын жогорулатат. Андан тышкары балык кармоо, аң улоо, спорттук машыгуулар, ар кандай оюндар, шахмат, шашки, хоккей, тир, бассеин ж. б.у.с. Көңүл ачуулар бул гормондордун деңгээли нормасында болушу чоң салымын кошот, анан албетте күнүмдүк жана интимдик жашоонун ыракатын тартуулайт.
Жогоркудай нерселер эркектин организимдинде допамин жана тестостерондун жогорулашына алып келет да, анын жыйынтыгында өзүн ойдогудой, бактылуу , чечкиндүү, бардык жагынан өзүн ишенимдүү сезет.
Ошол себептүү, турмушта үлгүлүү жана жакшы кыздардын жеке жашоосунда жолу жок болушат. Көпчүлүк учурда кыялык чатак кыздар мындай кыздарды басынтып, тепселеп да коюшат.
Ссылка: https://barometr.kg/myrzalarga-zhana-ajymdarga-intimdik-bakyt-chn-emneler-kerek
Добавить комментарий ×