Эгерде мырзанын жыныстык мүчөсү кичине болсо...

20 сентябрь 2019 11:26 13332 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ар бир адамдын физиологиясы ар башкача. Айрым мырзалардын жыныстык мүчөсү кичинекей болуп ыңгайсыздык жаратса, айрым айымдардын ашыкча толуктугу рахат алууга жолтоо болот.

Андыктан төшөк махабаты толук кандуу болушу үчүн бул эрежелерди колдонууга болот.

Эгерде мырзанын жыныстык мүчөсү кичине болсо...

Физиологиянын мындай өзгөчөлүгү эркектерди психологиялык жактан да жабыркатат. Ошондон улам алар төшөктө өздөрүнө ишенимдүү эмес, олдоксон келишет. Бул жагдайда өнөктөшү активдүү болушу кажет. Тактап айтканда, кандай ыкмада ырахат ала тургандыгын, кандай

эркелетүү жагарын ачык айтканы оң. Бирок аны жагымдуу шыбыроо менен айтуу зарыл.

Эмне кылуу керек? Жынысы кичине болгондуктан, утур-утур жыныс кынынан чыгып кете берип жүдөтүшү мүмкүн. Ошондуктан айым жыныс кынын катуураак кысып турушу шарт. Ыңгайлуу ыкманы колдонуудан да бул өзгөчөлүк сезилбей калат.

Мисалы, айым жамбашына жаздык коюп, эки бутун эркектин моюнуна асса мырзанын жынысы терең сүңгүйт. Ошондой эле айым “ат чабуу” (аял үстүндө ) ыкмасы менен ырахатка бата алат.

 Мырзаларга бул кеңештерибиз пайдалуу деп ойлойбуз. Кийинки кеңештерибиз да Сиздер үчүн болот.

Ссылка: https://barometr.kg/myrzalardyn-zhynystyk-mchlr-kichine-bolgondor-psihologiyalyk-zhaktan-zhabyr-tartat



Добавить комментарий