Мырзалардын жыныс мүчөсүнүн кичинекей болуп калуу себептери

5 августа 2019 09:19 12580 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Айрым мырзалар табиятынан жыныс мүчөсү кичинекей келгендиктен кыздарга баргандан, үйлөнүүдөн баш тартышат. Көп учурда мырзалар депрессияга катуу кабылып, керек болсо даргерге баргандан да уялышат.

 Медицинада 13-15см өлчөмдөгү жыныс мүчө норма. Эрекция учурунда 8-9 смден кичинекей болсо, анда аны изилдөө керек. Текшерүүдө гормондору, жумурткалары, өсүүсү жакшы чыкса, кабатырлануунун кереги жок.

Эркектик жыныс мүчөнүн кичинекей болуп калуу себептери:

Тукум куучулук;

Синтетикалык ич кийимдер;

Калың, ысык шымдарды көп кийүү;

Кошумча оорулар (фимоз, аномалия);

Эротикалык тасмалар комплексти пайда кылат!

Негизинен эркек жыныс мүчөсү чоң болсо мактанат, кичинекей болсо уялып, тартынат!

Эркектерге “жыныстык мүчөм кичинекей болсо жубайым чанып кетет, кыздар карабайт” деген ойдон алыс болуусу керек. Бактылуу өмүр сүрүү үчүн, жыныс мүчөнүн өлчөмү маанилүү эмес. Акылдуу айымдар муну биринчи орунга койбойт.

Ссылка: https://barometr.kg/myrzalardyn-zhynys-mchsnn-kichinekej-bolup-kaluu-sebepteri



Добавить комментарий