Мырзаларды айымдар ыңгайсыз абалга калтырган нерселер

1 октября 2019 09:55 1757 Barometr
Поделиться в:
ok

Мырзаларды эң көп ыңгайсыз абалга калтырган жана кыжаалат кылган нерсе бул аялдардын өзүнө жакшы карабаганы.

Айымдар көчөгө чыкканда үстү-башына, макияжына жана үстүндөгү кийген кийимине өзгөчө көңүл бурган аялдар күйөөсүнүн алдында да ошол адатын аткарбайт.

Айым күйөөсүнүн өзүнө көңүл буруп туруусун каалаган болсо, жыныстык жашоосундагы адаттагы эле болчу мамилени каалаган болсо, анда кийген кийимине, ич кийимдерине, дене-боюнун тазалыгына жана жаткан жерине өтө көңүл буруусу керек.
Эркектер дагы өздөрүнө жакшы көңүл буруулары зарыл.

Өзгөчө тер, тамекинин жыты, ооз көңдөйүндөгү жана денедеги айрым жагымсыз жыттар сүйүктүүсүнүн төшөк кумарындагы мамиледе ырахат алуусун төмөндөтөт. Өзүн кароо боюнча аялдар күйөөлөрүн да үйрөтүп алышса болот. Бирок аялдардын үйрөткөнү эркек учун кыйын жана аны таарынтып да алышы мумкун. Жубайлар бири-биринен көңүлдөрү калбаш үчүн өздүк гигиенага, келбетине көңүл бурууну жана сөзсүз ички дүйнөсүн, сүйлөгөн сөзүнө да маани берүү абзел.

Ссылка: https://barometr.kg/myrzalardy-ajymdar-ygajsyz-abalga-kaltyrgan-nerseler



Добавить комментарий