Мындан 3 миллиард жыл мурун пайда болгон океан суусу тууралуу кызыктар

8 июня 2020 15:26 1775 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк океандар күнү белгиленүүдө. Окенандар планетабыздын 70 %га жакын жерин ээлейт жана жер бетиндеги суунун 97%ын камтый. Тирүү жандын баарына өмүр берген бул суу, анын мейкиндиктери тууралуу кызыктуу фактыларга токтоло кетсек.  

Адам тарабынан учурда океандын 10% гана изилденген. А сиз билесизби абанын ылдамдыгына караганда суунун ылдамдыгы 5 эсе жогору экенин.


Океандар планетада 3 миллиард жыл мурун, анда жашоо болгонго чейин пайда болгон.

Балтикада деңиз сууларындагы алтындын эң жогорку деңгээли катталган.

Антарктикалык айсбергтин орточо өмүрү 4 жыл.

Жыл сайын акуланын кол салуусуна караганда, чагылган же аарынын чагуусунан он эсе көп адам өлөт.

Планетада вулкандардын активдүүлүгүнүн 90% океандарда жүрөт.

Бүгүнкү күндө жер бетиндеги жашоо формаларынын дээрлик 70% океан сууларында жашайт.

Өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелеринин 90% дан ашыгы ташуу аркылуу жүргүзүлөт.

Океандагы эң тунук суусу Антарктиканын жээгиндеги Уэдделл деңизи.

Цунаминин эң бийик жери 60 метрге жакын болгон, ал эми 100 м жана андан жогору бийиктиктеги толкундар океандын түбүндө тез-тез болуп турган.

Жер бетиндеги эң жогорку суу ташкыны болжол менен 16 метрди түзөт. Аларды АКШ жана Канада жээгиндеги Фонд булуңунан көрүүгө болот.


Ссылка: https://barometr.kg/myndan-3-milliard-zhyl-murun-pajda-bolgon-okean-suusu-tuuraluu-kyzyktar



Добавить комментарий