Мындай адамдардан алыс болуңуз! Сизге маселе жарата турган кишинин 5 белгиси

29 июля 2021 16:10 3814 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар бир эле адам социумда, жамаатта маанайды буза турган, жашоосуна тескери таасир бере турган адамдарга кабылат. Алар сиздин жакыныңыз, коңшуңуз, кайынсиңдиңиз, бажаңыз, кесиптешиңиз... 

Айтор мындай адамдар менен сүйлөшүп мамиле кылгандан кийин мамиледе бир чатакка кабылышыңыз толук ыктымал. 

Андай адамдардан мүмкүн болсо мамилени алыстатып, же таптакыр эле кол үзүп, сүйлөшүүдөн алыс болуу керектигин психологдор белгилешет. Төмөндө Barometr.kg мамиле кылууда маселе жарата турган адамдардын сапаттарын сизге сунуштайт.

1.Өзүн гана ойлоп, мен дей берген адамдар 

Сүйлөшө келгенде өзү жөнүндө айтып, сиздин жашооңузга кымындай да кызыкпаган адамдарды кездештирдиңиз беле? Кездештирсеңиз андай ойлонуп көрүңүз! Анткени мындай адамдар сиздин пайдаңызды гана карап, көп сүйлөп, убактыңызды көз көрүнөө уурдап алышат. Өзүмчүлдүгү мамилелериңизге зыян гана алып келет.

2. Басынтуучу

Эмне кылып жатканыңызды көзөмөлгө алып, өзүнүкүн таңуулап, сизди эмоциялык жактан басынткан адамдар бар. Алардын жанында алсыз бир байкуш болуп көрүнүп турбасаңыз, сизге карата “чабуулун” токтотпойт. Жолуккан сайын өзүңүздү жолу жок бир байкуш сезгенден көрө мамиледе алыстап кеткенсиңиз жөн.

3. Наалыган адам

Мындай адам кейип-кепчигенде, наалыганды жакшы көрөт. Жашоо жаман экенин айтып маанайыңызды чөгөрөт.Адамдардын жаман жактарын гана көрөт, аларды дайыма сындайт, шылдыңдап күлөт жана басынтат.Бул адам энергияңызды алсырат.

4. Топчудайды төөдөй кылып көрсөткөн адам

Бул адамдар чыр-чатак салганды баарынан жакшы көрүшөт. Эч нерсе жакпайт баарына нааразы. Кенедей нерседен төөдөй маселени жаратат.

Аларга дайыма көңүл буруп, көңүлүн жайгарып, колдоо көрсөтүп турбасаңыз болбойт. Бир мындай адамды бир кыйынчылыктан алып чыксаңыз экинчисине кабыла берет. Сизге бул нерсе керекпи, жакшылап ойлонуп көрүңүз!

6. Жалган сүйлөгөн адам

Бул адам дайыма ар кандай окуяларды оюнан чыгарып жалган айтат. Албетте сиз жөнүндө да башкаларга жалган айтат. Анын жалганчылыгынын торуна түшүп калбайын десеңиз өзүңүздү алыс кармаңыз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/myndaj-adamdardan-alys-boluuz-sizge-masele-zharata-turgan-kishinin-5-belgisi



Добавить комментарий