Мыкынын "порно" видеосу Назира Айтбекованын көңүлүн бурду: "Адилетсиздик!"
Назира Айтбекова өзүнүн интернеттеги жеке баракчаларынан акыркы учурда дүң болуп жаткан тамашоучу Мыкыга окшогон баланын "порно" видеосу тууралуу өз оюн жазды.
Айтбекова өз постунда башкалар сыяктуу Мыкыны колдобостон:
"Мыкыны "эркексиң" деп аябай колдодук ээ? Ордуна бир кыз болсо, бачагын гана чыгармакпыз! Шерменде жана башка жакшынакай сөздөр менен атап, жерге - сууга көмөлөтүп, тепкилеп, кыргызды уят кылып атат деп, жөн эле өлтүрүп койсок керек. Эркектерге дайым колдоо болот. Тескери басса да жарашат. Эркек да дейбиз. Жылаңачтанса да жарашат. Эчтеке болбойт. Боло берет дейбиз. Балдарын таштап кетсе да жарашат. Аялы начар да дейбиз. Аялдарды деле актаган мезгил болобу? Жеңилирээк эле көйнөк кийип калсаң, жеткен жеңил ойлуу деп айтышат! Акыйктасыздык! Ушул статусумду да төпөштөйсүңөр азыр. Эркекке өчөшүп жылаңачтанып ал, жүрүп кет жана башка деп жазасыңар. Көзү ачыгы жок эле көрөм да жазыла турчу комментарийлерди. Кыздар абийири менен турмуш куруш керек. Эркек "тажрыйба" топтоп, "проституткаларга" барып, анан үйлөнүш керек. Анан ал эркектер барган сойку да сойку болуп иштеген үчүн да элдин жемесин угуп, төпөш жеш керек. Талап болмоюн товар болбойт деген эч ким жок!", -деп жазып чыкты.
Көпчүлүк Назиранын бул постунда айтылган сөздөрдү бир ооздон "туура айтасыз" деп пикир калтырышууда.
Эске салсак, видео интернет булактарына тарагандан баштап Мыкынын санаалаштары, белгилүү ырчылар, маданият өкүлдөрү аны колдоого алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/mykynyn-porno-videosu-nazira-ajtbekovanyn-kln-burdu-adiletsizdik
Добавить комментарий ×