Мыкы "порно" видеосу үчүн элден кечирим сурады: "Мен туура эмес убакта, туура эмес жерде болуп калдым. Ар кимдин жеке жашоосу өзүнүн иши"
Өткөн жумада интернет булактарына тамашоучу Мыкыга окшогон жигиттин аты аталган "порно" видео тараган. Видео чыгаары менен тарап коомчулуктун катуу талкуусуна калган. Айрымдар "бул Мыкы эмес" деген пикирлерин билдиришсе, интернет колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү "Мыкы экени көрүнүп турбайбы, уят" деп сынга алышкан.
Кийинчерек Мыкынын сахналаштары "Мыкы мас экен, анын эсенде жок", -деп аны актап чыгышкан.
Бири актаган, экинчиси жектеген пикирлерге чек коюп, элден кечирим суроо максатында Мыкы өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына видео тууралуу пост жазып чыкты. Ал постуна:
"Достор, акыркы жума мен үчүн жашоодогу эң оор жума болду. Адам баласы болгондон кийин баарыбыз жаңылат экенбиз. Бул ката мен үчүн жана башкалар үчүн дагы чон сабак болду десем жаңылышпайм. Мен болгону туура эмес убакта, туура эмес жерде болуп калдым. Ал эми көрө албаган адамдар ошол учурдан пайдаланып, жеке жашоомо кийлигишип, каралоо максатында элге жаманатты кылышты. Ал күн менин эсимде жок. Чын. Бул окуядан кийин мен башты жерге салып чөгүп кеткен жерим жок, ошол эле учурда эрдик кылдым деп мактанбайм. Чөгүп кеткендей законду бузган жокмун, бирөөнүн көзүнө чөп салган жокмун, киши өлтүргөн жокмун. Бойдокмун. Ушундай жаман окуяга кабылганым учун менин чыгармачылыгымды жакшы көргөн адамдардан кечирим сурайм. Эң негизгиси менин жакын адамдарым чындыкты билишет жана түшүнүү менен туура кабыл алышты. Эми мындан дагы катуурак иштеп, сиздерди өзүмдүн чыгармачылыгым менен сүйүнтө бермекчимин. Ошондо чыгармачылыгымды каалашынча талкууласаңар болот. Ал эми жеке жашоомо аралашпооңорду суранам, ар кимдин жеке жашоосу ар кимдин өзүнүн иши. Туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деген ойдомун", -деп жазды.
Анын катталуучуларынын басымдуу бөлүгү Мыкыны колдоого алып, жаштыкта боло берет деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышууда.
Добавить комментарий ×