Мыктыбек Мурзажанов мекен үчүн жанын сайып, баатырларча курман болду

19 сентября 2022 10:56 1775 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде чек арага тажиктердин куралдуу кол салуусунан милициянын улук сержанты Мыктыбек Мурзажанов мекен үчүн өз жанын аябай баатырларча курман болду. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын улук сержанты Мурзажанов Мыктыбек Ниматович кызмат ѳтѳѳ учурунда баатырларча курман болгон.  

"Мурзажанов Мыктыбек Ниматович 2019-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан ѳзүнчѳ ротасында кызмат ѳтѳп, аз убакыттын ичинде катардагы милицинер болсо да, өз милдетин мыкты аткарган, эл-жери үчүн күйгөн кичи пейил кызматкер катары кесиптештеринин элесинде калды.  Мыктыбек Ниматовичтин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына Ички иштер органдарынын  жалпы өздүк курамы терең кайгыруу менен көңүл айтып,  кайгысын тең болүшөт", -деп айтылат ИИМдин көңүл айтуусунда.



Ссылка: https://barometr.kg/myktybek-murzazhanov-meken-chn-zhanyn-sajyp-baatyrlarcha-kurman-boldu



Добавить комментарий