Мыкты эне болуунун сыры

17 марта 2022 14:20 3213 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар бир төрөлгөн бала өмүр бою эненин жүрөгүндө жашайт. Адистер баланы курсактагы кезден тарбия берүү керектигин айтып келет. Бул тууралуу психологдордун сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Мыкты эне болууга арналган кеңештер

  • Балага эң негизги сиздин ага көңүл бурганыңыз керек. Акча менен көңүлүн алам деп ойлобоңуз.
  • Баланы кубанта турган нерсе эненин маанайы көтөрүңкү болгону.
  • Ачууга алдырып балаңыздын көңүлүн оорутуп, катуу урушуп албаңыз.
  • Биз балабызга канчалык кубаныч тартуулодобуз?-деп өзүңүзгө суроо салып көрүңүз.
  • Балаңыз сиздин жасаган кыймыл-аракетиңизге карап түздөлөт.
  • Отуруп алып мен кандай энемин?- деп өзүңүзгө суроо салыңыз.
  • Жакшы эне бул-балаңыздын сизге болгон урматы жана сиздин ага болгон урмат-сыйы.
  • Балаңызды жакшы көрүп жеген тамактарын байма-бай жасап бериңиз.
  • Мыкты эне үй-бүлөөнүн тынчтыгы, берекеси жана күйүп турган шам чырагы.
  • Балаңызга төккөн чексиз мээримиңиз, камкордугуңуз мыкты эне экениңизден кабар берет. Жакшы эне болуу бир гана өзүңүздүн колуңузда.

Ссылка: https://barometr.kg/mykty-ene-boluunun-syry



Добавить комментарий