Мыйзамсыз жол менен күйүүчү май ташып келе жаткан жаран кармалды

6 сентября 2018 16:05 1039 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Ленин аймагында чек арачылар мыйзамсыз жол менен күйүүчү-майлоочу май ташып келе жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 1960-жылы туулган кыргызстандык жаран Р.С. Тажикстандан 38 тонна солярканы «Рено» унаасына жүктөп келе жаткан. Ал күйүүчү майды көзөмөл пунктан тышкаркы аймак менен алып өтүүгө аракет кылган.  Текшерүүдөн соң шектүү жаранга айыппул салынып, товар тиешелүү органдарга тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/myjzamsyz-zhol-menen-kjch-maj-tashyp-kele-zhatkan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий