Жалпы наркы дээрлик 1 млн. сом болгон мыйзамсыз ташылып келе жаткан тамеки кармалды

11 марта 2020 11:59 688 Barometr
Поделиться в:
ok

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы наркы 1 млн. сомго чукул болгон тамеки продукциялары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери МБКнын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен областында “М.Э.Р.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “CHEVROLEN CAPTIVA” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотуп текшеришкен. 

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн жана салонун текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан “CAVALO” маркасындагы чыпкалуу 12480 пачка тамеки продукциясы табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 998 400 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринекатталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/myjzamsyz-tashylyp-kele-zhatkan-zhalpy-narky-1-mln-somgo-chukul-bolgon-tameki-produkciyalary-karmaldy



Добавить комментарий