Панфилов районунда мыйзамсыз ташылган күйүүчү май текшерилүүдө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну ишке киргизүүгө болгон чечимин аткаруу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.
Ушинтип, 2020-жылдын 2-январында коштомо документтери жок, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын тийиштүү пломбасы жок бензин жыттанган суюктук куюлган жүгү (36 тоннага жакын) бар жарым чиркегич идиши менен "Вольво" үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган. Азыркы убакта аталган унаа жагдайлар аныкталганга чейин айып короосуна киргизилген. ЭККМК жалпы республика боюнча ушундай фактыларды аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды улантып жатат.
Муну менен бирге, ЭККМК мурун мыйзамсыз жол менен ташылган КММны аныктоо, ошондой эле аны шек жараткан түйүндөрдө (короолор, майларды алмаштыруу пункттары, кампалар) сатууну токтотуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдайбыз.
Ссылка: https://barometr.kg/myjzamsyz-tashylgan-kjch-maj-teksherild
Добавить комментарий ×