Мыйзамсыз курулган 4 күркө алынды

20 ноября 2018 11:50 1230 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз коюлган 4 күркѳ алынды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, 7-ноябрдан 11-ноябрга чейин 7-апрель кѳчѳсүндѳ  (ДСМ заводунун жанында) муниципалдык жерге бир учурда 4 контейнер орнотулган.

Башкармалыктын кызматкерлери буга чейин аталган жер тилкелерине укук белгилѳѳчү жана  укукту күбѳлѳндүрүүчү документтерди  берүү боюнча эскертүү беришкен. Бирок жыйынтык болгон эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/myjzamsyz-kurulgan-4-krk-alyndy



Добавить комментарий