Мушкер Азат Үсөналиев дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешин жеңди

14 сентября 2019 18:11 233702 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык белгилүү мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешин жеңди.

Бул тууралуу Кыргызстан улуттук курамасынын машыктыруучулар кеңешинин мүчөсү Шайлообек Атазов “barometr.kg” сайтына билдирди.

Анын айтымында 52 кг самакта мушкерибиз Азат румыниялык Мариан Габриэль Чиопу’ну утуп алды. Азыт үчүнчү раунддагы оң колдоп узаткан кубаттуу соккусу менен атаандашын ногдаун абалына келтирген.

Эске сала кетсек, Орусиянын Екатеринбург шаарында бокс боюнча мааракелик XXV дүйнө чемпионатынын бешинчи күнү өтүп жатат. Анда дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн келген 450дөй мушкер күч сынашууда.

Ссылка: https://barometr.kg/mushker-azat-snaliev-djn-chempionatyndagy-algachky-betteshin-zhedi



Добавить комментарий