Мурунку вице-мэр Ренат Макенов үй камагына чыгарылды

28 августа 2018 15:05 908 Barometr
Поделиться в:
ok

Биринчи Май райондук соту Бишкектин мурунку вице-мэри Ренат Макеновдун баш коргоо чарасын карап,  ал  үй камагына чыгарылды. Ал эми  УКМКнын тергөөчүлөрү аны камакта калтыруу мөөнөтүн узартууну өтүнүшкөн. 

Сот Эмил Каипов Ренат Макеновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.  

Эске салсак, Ренат Макенов жер аянтын мыйзамсыз берген деген айып менен  айыпталган. 2014-жылы Муниципалдык менчик башкармалыгы эки жаранга 12-кичирайондон 3,38 гектар жерди бир жылдык колдонууга берген. Ал кезде башкармалыкты Макенов жетектеп турган.

Ссылка: https://barometr.kg/murunku-vice-mer-renat-makenov-j-kamagyna-chygaryldy



Добавить комментарий