Мурдубуз эмнеге канайт?
Мурундун канашы көпчүлүк жаш балдардын жана чоңдордун көйгөйүнө айланып келет. Эмне себептен мурун канайт? Ал канчалык кооптуу ушул боюнча сөз кылабыз.
Ага себеп:
- Эгерде мурдуңуз мурда травмага учураган болсо
- Мурундун ичинде пайда болуп жаткан киста жана полиптин өсүп жатышы себеп болушу мүмкүн
- Мурунга кайсы бир буюмдун кирип кетүүсү. Мындай көрүнүш өзгөчө жаш балдарда байкалат. Мисалга, алардын мурдуларына топчу же башка нерселердин кирип кетүүсү.
- Мээнин травма алуусу
- Жогорку кан басым
- Мурунга хирургиялык операция жасалгандан кийин
- Гипертония
- Инфекциялык оорулар
-Бөйрөк жана боор оорулары
-Богок
- Горманалдык бузулуу
- Алкогол ичүү жана наркотикалык каражаттарды колдонуу
- Күндө көп жүрүү ж.б себеп болот.
Мурун канагандагы алгачкы жардам
- Эң алгач баланы тынчтандырыңыз
- Аны тизеси менен отургузуп, башын бир аз алдыга каратыңыз. Биз көпчүлүк учурда баланы дароо жаткырып, башын артка чалкалатабыз бул туура эмес. Анткени, кан дем алуучу органдарга жүгүрүп кетиши мүмкүн.
- Мурунга керектүү тамчылатмаларды куюңуз
- Тампон коюп коюңуз.
Ал учүн адистер доктурларга убагында барып, кан басымды өлчөтүп турууну сунуш кылат.
Ссылка: https://barometr.kg/murdubuz-emnege-kanajt
Добавить комментарий ×