Чек ара кырдаалына байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнѳ арналган концерттик иш чара болбойт
Бүгүн 17-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары тынчтык митингине чыгышат деген маалымат жарыяланган.
Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасында жарыялаган.
Маалыматта калаадагы Горький паркында 16:00 мурдакы президенттин туулган күнүн майрамдоо иш чарасы болору айтылган. Буга чейин иш чарада Алмазбек Атамбаевдин ырларын эстра жылдыздары аткарышат деген маалымат дагы жарыяланган.
Бирок КСДП саясий партиясынан концерттик иш чара болбой калды деп билдиришти.
Тажикистан менен болгон чек ара маселесиндеги кырдаалга байланыштуу, ММКалардын маалыматы боюнча, бир адам каза болуп, 10 адам жаракат алганын саясий партиянын ѳкүлдѳрү бүгүнкү Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнѳ арналган концерттик иш чараны ѳткѳрбѳй калдык. Мындай кырдаалда майрамдоо каза болгон адамдын жакындарынын сыйлабаганга жатат. Ошондуктан масштабдуу майрамдоо болобойт. Мурдакы президентти куттуктоо фейбук баракчада жана партиянын кеңсесинде уланаары маалымлдалды
Баардык каалоо тилектерди жазуу үчүн атайын шарттар түзүлгѳнү жана аларды Алмазбек Атамбаевге жеткирилери убадаланат. Уруксаат алуу үчүн жергиликтүү бийликке кат жѳнѳтүлгѳнү дагы кабарланат.
Ссылка: https://barometr.kg/murdaky-prezidenttin-zhaktoochulary-tynchtyk-mitingine-chygyshat
Добавить комментарий ×