Атамбаев курдурган мечит камакка алынды
Аскер прокуратурасы мурунку президент Алмазбек Атамбаев каржылап салдырган «7-апрель шейиттери» мечитинин курулушун текшерүүгө алат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматы кызматы билдирди.
«Юнусалиев көчөсү, 173/1 дарегинде жайгашкан мечит факты жүзүндө Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон "Форум илимий-өндүрүш фирма" ААКсына катталган. Андыктан, Биринчи Май райондук соту аталган мүлктү камакка алуу чечимин чыгарды», — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган мечит ушул жылдын 4-апрелинде Бишкекте ачылган. Анын аяты 2 гектардан ашык жерге салынган. Мечит 5 миң кишиге ылайыкташтырылган.
Башкы прокуратура учурда мечит кайсы каражатка салынганы иликтеп жатканын маалымдады. Мечиттин ачылуу аземинде кеткен каражат Алмазбек Атамбаевдин жеке казынасынан жумшалганы айтылган.
Буга чейин Башкы прокуратура Алмазбек Атамбавке жана анын жакындарына таандык 135 кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү камакка алган. Кийин ал мүлктөрдүн 20сы камактан чыгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/murdaky-prezident-kurdurgan-mechit-kamakka-alyndy
Добавить комментарий ×