Карамушкина: Атамбаев Жээнбековду кечиргенге даяр

5 ноября 2019 15:15 3470 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Жакында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев менен Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Алфия Саммигулина УКМКнын абагында жолугушту. Бул тууралуу Ирина Карамушкина маалымдады.

Ирина Карамушкинанын айтымында, Алмазбек Атамбаев көп убакытын китеп окуу менен алектенүүдѳ.

«Андан тышкары спорт залга барып жатат экен. 63 жашта эркек киши формада болушу керектигин акыры түшүнүптүр», — дейт депутат.

Ирина Карамушкина, Алмазбек Атамбаев Жээнбековдорду кечирүүгө даярдыгын билдирген.

«Ал күнөөсүн далилдесе түрмөдө баары үчүн өзү олтурууга даяр. Бирок, башка балдарды чыгарыш керек. Сөз аягында Жээнбековдорду кечирүүгө даярдыгын айтты», — дейт Ирина Карамушкина.

Ссылка: https://barometr.kg/murdaky-prezident-almazbek-atambaev-zheenbekovdu-kechirgenge-dayar



Добавить комментарий