Мурдагы вице-премьер Даир Кенекеев "Учкун" ишканасына жетекчи болуп дайындалды

5 ноябрь 2018 09:50 850 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы вице-премьер Даир Кенекеев "Учкун" ишканасына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу ал жеке фейсбук баракчасына жазды. 

Анда: "Урматтуу мекендештер!
Кудай буйруса, мамлекеттик "Учкун" акционердик коомунун келечегине жакшы жаңылыктарды жаратабыз. Ишеним көрсөтүп, колдоп жүргөн адамдарга ыраазычылык билдирем!"-деп жазылган. 

44 жаштагы Даир Кенекеев 2017-жылдан 2018-жылга чейин вице-премьер болуп шайланган. Бул кызматка чейин ал Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткарып келген. 

Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-vice-premer-dair-kenekeev-uchkun-ishkanasyna-zhetekchi-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий