Мурдагы президенттин уулу Сейитбек сабалганын ИИМ төгүндөдү
Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек катуу сабалганы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды.
Бул тууралуу ИИМ бүгүн тараткан маалыматта айтылат.
Маалыматка ылайык Сейитбек 8-августта ИИМдин Тергөө кызматына чакырылып, суракка алынган. Анын денесине эч кандай залал келтирилген
Эртеси, 9-август күнү ал адыг чакырылып, кошумча сурак берген. Анда Сейитбек бутун кайрып алганын айтып, Бишкектин Манас проспектисинде жайгашкан травматологиялык пунктка кайрылган. 7-8-августта денесинен жаракат алган эмес, эч кандай доо-арыз айткан эмес.
“Сейитбек Атамбаевдин денесине залал келтирилгенин аныктоо иштери жүрүп жатат”, - дейт ИИМ билдирүүсүндө.
Эске сала кетсек, кечээ мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана тарапташтарына кысым болуп жатканын айтып, улуу баласы Сейитбектин катуу сабалганын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-prezidenttin-uulu-sejitbek-sabalganyn-iim-tgndd
Добавить комментарий ×