Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев коомчулукка кайрылуу жасады (видео)
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек ажы Токтомушев чет өлкөгө чыгып кетти деген сөздөр жалган экенин айтып, Бишкекте үй-бүлөсүнүн маңдайында экенин билдирди. Бул тууралуу мурдагы муфтийдин соцтармак аркылуу кайрылуу жолдогон маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Урматтуу мекендештер!
Эл арасында муфтий Түркияга качып кетиптир деген сөздөр чыгып жатат. Бул жалган. Кудайдан корколу. Биз ушунтип бузула берсек кантип мамлекетибиз оңолот. Мен Бишкектемин, бала-чакамдын, үй-бүлөмдүн маңдайындамын. Албетте, телефон чалууларды албайм. Телефонду алып жооп бере бергенде кандай деген заман кетип жатат. Телефонду албай койгондун мааниси ал асманга учуп кетиптир деген эмес да. Ошондуктан келиңиздер, ынтымакка келели.
Мамлекетибиз кандай оор кырдаалды,оор күндөрдү баштан өткөрүп жатат. Мына жакында эле, жаңы падышалуу болдук. Мамлекетти ар кимибиз ар жака тарта бербей бир адамга баш ийели. Дос бололу, дос боло албасак душман болбойлу. Жакшылык каалай албасак, жамандык айтпайлы. Мактай албайбызбы, жамандабайлы, уят болбойлу. Жалаа жаап күнөөкөр болбойлу”, - деп кайрылды мурдагы муфтий.
Эске сала кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Көп өтпөй эле, экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев да ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузууларга баргандыгы жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар деп УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми, 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бөгөт чарасын карап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошотуу чечимин кабыл алган.
Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-muftij-maksatbek-toktomushev-koomchulukka-kajryluu-zhasady-video
Добавить комментарий ×