Мурдагы министр эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна катышат
Поделиться в:
Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Македонияда өтө турган эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Скопье шаарында 28-30-сентябрда өтө турган мелдеште 3 жаш категорияда беттештер өтүп, анда Кыргызстандын атынан 4 балбан катышат. Алардын арасында Мелис Турганбаев да бар.
Эске салсак, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев 2016-жылы Польшада өткөн чемпионатта 51-55 жаштагылар арасында 76 килограмм салмакта күрөшүп коло байгенин ээси болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-ministr-erkin-krsh-boyuncha-djn-chempionduguna-katyshat
Добавить комментарий ×