Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев эки жыл президентке кире албай жүргөн

23 октября 2018 12:10 1646 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев эки жыл президентке кире албай жүргөн. Бул тууралуу акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева Жогорку Кеңештин комитетинде маалымат берип жатып билдирди.

"Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаевди 2016-2017-жылы ошол кездеги президент бир да жолу кабыл алган эмес. Акыйкатчы барып кире албай келген. Эмне себеп болгонун билбейм”, - деди Жамгырчиева.

Учурда парламентте тармактык комитет Акыйкатчы институтунун 2016-2017-жылдагы иштери боюнча маалыматын угуп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-akyjkatchy-kubat-otorbaev-eki-zhyl-prezidentke-kire-albaj-zhrgn



Добавить комментарий