Мурат Суталиновдун жубайы: Рак менен ооруган адамды кантип камакта калтырууга болот?
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы Мурат Суталиновдун жубайы президент Сооронбай Жээнбековдон сот ишин токтотууну суранды. Бул тууралуу Гульнара Суталинова өзүнүн ачык катында жарыялады.
Суталинова өзүнүн социалдык баракчасына жайгаштырган катында президентке кайрылып, анын жолдошуна карата адилетсиздик жасалып жатканын айтат.
“Мен сизге социалдык түйүндөрдө болуп жаткандар тууралуу доклад беришет го деген ойдомун. Бир аз сандагы тескери комментарийлерди кошпогондо көпчүлүк адамдар Ленин райондук соту Б. Сыдыгалиевдин акыркы стадьяда рак оорусу менен ооруп жаткан менин күйөөмдү бошотпоо тууралуу чечимине элдер нааразы болуп жатат. Мен өлгөнү калган адамды деп жазгым келбейт, анткени майтарылбас эрки жана ички күчү менен биз ооруну жеңип чыкканга аракет кылып жатабыз!
Бирок ЖАМКн6ын жаңы башчысы М. Турганбаев ачык көрсөткөн азыркы абактын шарттарында мындай кылууга мүмкүн эмес болууда”,-деп жазат Суталинова.
Ал ошондой эле ушундай өкүм чыгарган жана аны күчүндө калтырган сот жазаланышы керек деп эсептейт. Ошондой эле Суталинова өкүмдү англис тилине которуп эл аралык уюмдарга кайрыларын дагы кошумчалаган жана президенттен динге ишенген адам катары була аракеттерге баа берип карап чыгууну өтүнгөн.
Эскерте кетсек, 15-февралда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тарткан. Суталиновдун оор абалда ооруп жатканына улам аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу арызы менен кайрылышкан болчу. Медициналык комиссиянын берген бүтүмүнө таянсак Суталиновдун сол бөйрөгү 4 даражадагы рак илдети мнеен жабыркап жатат, оң бөйрөгүн буга чейин алып салышкан. Учурда ал абакта химия терапия алууда.
Добавить комментарий ×