Мурат Суталиновдун жактоочулары Бишкек шаардык сотунун жанына чогулушту
Поделиться в:
Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанында Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун тарапташтары чогулду.
30га жакын адам “Генерал Мурат Суталиновго эркиндик”,-деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Буга чейин сот коллегиясы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү келбей калганына байланыштуу процессти жылдырып салган болчу.
Мурат Суталинов учурда № 47 түзөтүү абагында кармалууда. Ден соолугунун абалы оор.
Ссылка: https://barometr.kg/murat-sutalinovdun-zhaktoochulary-bishkek-shaardyk-sotunun-zhanyna-chogulushtu
Добавить комментарий ×