Мурат Суталинов эч жакка кетпей турганын айтты

7 май 2019 15:25 1994 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Абактан бошотулган УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов сот мындай чечим чыгарат деп күтпөгөнүн билдирди. Ал Бишкек шаардык сотунун короосунда маек берди.    

“Бир саат мурда эле оор абалда турдум эле, азыр үмүт пайда болду. Мени көп кишилер колдоду, көп кишилер мени кечиришти. Эми канча жашоом калса, туура жашашым керек. Мен сотто да жабырлануучулардын энелеринен кечирим сурагам. Өзүмдүн моралдык күнөөмдү азыр да сезип жатам. Бирок трагедиялуу окуяны токтотууга күчүм жеткен жок. Ошондо кечирим сурагам, азыр да бүткүл кыргыз элимен кечирим сурайм”,-деп айтты Суталинов.

Анын айтымында, ал жергиликтүү онкологияда дарыланат жана эч жакка кетпей үйүндө болот.

Эскерте кетсек, бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту Суталиновду сот залынан бошотту.


Ссылка: https://barometr.kg/murat-sutalinov-ech-zhakka-ketpej-turganyn-ajtty



Добавить комментарий