Мурат Суталинов боюнча сот кийинкиге жылды, анын абалы оор

15 апреля 2019 12:51 1006 Barometr
Поделиться в:
ok

УКМКнын экс-төрагасы Мурат Суталинов боюнча сотту  кайрадан  7-майга чейин жылдырышты. Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Джакупова билдирди.   

Анын айтымында сот Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери келбей калганга байланыштуу кийинкиге калтырылган.

 “Суталиновдун абалы оор, кан агып жатат.. алар аны өлтүрүп жатышат”,-деп билдирди Джакупова.

1-апрелден бери Мурат Суталинов Саламатыкты сактоо министрлигинин онкология борборунда  дарыланууда. Дарылоо айдын соңуна чейин жүргүзүлөт.

Учурда Суталиновду мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу боюнча арыз Бишкек шаардык сотунда каралууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/murat-sutalinov-boyuncha-sot-kijinkige-zhyldy-anyn-abaly-oor



Добавить комментарий