Мурат Рамонов дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алды
Кыргызстандын грек-күрөшүнүн балбаны Мурат Рамонов дүйнө чемпионатынын чейрек финалында кубалык Оскар Пино Нандс’ка утулуп калды.
Оскар Пино Нандс жарым финалда ирандык Амир Мохаммадали Гасемимонджезини жеңип финалга чыкты. Бул өз кезегинде Мурат Рамоновдун дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк болду.
Эми Мурат көңүл жубатуучу эки беттеш өткөрөт.
Ушул күндөрү спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат.
Анда ар бир салмакта 1-ден бешинчиге чейинки орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токио өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/murat-ramonov-djn-chempionatynyn-kolo-bajgesi-chn-tajmashuuga-mmknchlk-aldy
Добавить комментарий ×