"Менин балам инисин өлтүргөн эмес". Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүмдүн апасы үн катты
Мурас-Ордо конушундагы 5-класстын окуучусунун мыкаачылык менен өлтүрүрлүшү тууралуу ата-энеси үн катты. Балдардын ата-энеси инисинин өлүмүнө жөн жерден эле милиция кызматкерлери агасын күнөөлөп жатканын айтып, акыйкат издеп жатышат. Бул тууралуу журналист Алтынай Арстанбекованын соцтармактагы баракчасына жүктөлгөн видео материалга шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Видео материалда, милиция кызматкерлери 17 жашка толук чыга элек жаш баланы ата-энеси жок суракка алганы айтылат.
“Менин баламды суракка алганда эч кимибизди киргизген жок. Балам 17 жашка чыга элек да. Балам күч органдарынын басымы менен гана “мен өлтүрдүм” деп айтып коюушу мүмкүн. Менин баламды милиция коркутуп гана моюнуна алдырып коюушту.
Мен келгенде килемдин үстүндө чоң-чоң бут кийимдин издери бар болчу. Мен ишеничтүү түрдө айта алам, менин баламды уурулар эле мууздап кетишти.
Ошол күнү түшкө жакын жумуштан үйгө келсем, үй ачык, чоң бут кийимдин издери бар экен. Мен дароо эле оорукчан баламды издеп баштадым. Уурулар кирип, баламды коркутса, оорусу кармап бир жерге жатып калды го деп ойлодум.
Анан эле, керебеттин аягынан, төшөктүн алдынан, баламдын буттарын көрүп калдым. Чуркап барып, баламды ала койсом, төшөктүн алдында тердеп, канга бойолуп жатыптыр. Өйдө көтөрө койсом, мойну кесилген экен.
Түштө саат 12:00 до келген милиция кызматкерлери кечке чейин үйдү жаап алып изилдешти. Үйдөн эмне издейт. Андан көрө, көчөдө баламды өлтүрүп кеткен ууруну издешсе болмок”, - деп муңканып ыйлап жатат баланын апасы.
Ата-эненин айтымында алсыз, оорулуу баланы мууздап кеткен уурулар боштондукта жүрүп, бейкүнөө 16 жаштагы баласы камакта олтурат. Анан да милиция кызматкерлеринин баланы кийими суу абалында камыштын арасынан таап алдык деп берген маалыматы жалган экенин айтышууда.
“Менин баламды камыштын арасынан милиция кызматкерлери эмес, ошол конуштун тургундары табышкан. Ошондой эле, баламдын кийимдери суу эмес, кургак эле болчу”, - деп кошумчалады баланын апасы.
Бул кандуу окуянын жаңы жагдайлары тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына байланышканыбызда, Тергөө кызматына бул тууралуу суроо жөнөткөнүн айтып, жооп күтүп жатышканын кабарлашты. "Барометр" Тергөө комитетинен жооп алып, окуяны эки тараптуу берүүгө толук аракет жасайт.
Эске сала кетсек, 17-март күнү Мурас -Ордо конушунда 2008-жылы туулган баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу кабарланган. Көп өтпөй милиция кызматкерлери, каза болгон баланын бир тууган 16 жаштагы агасы шектүү катары кармалып, ата-энеси менен бирге сурак берип жатканы тууралуу маалымдашкан.
Автор: Жанышбекова Чолпон
Добавить комментарий ×