Мумие - табышмактуу дарылоочу каражат

4 октября 2019 09:05 1562 Barometr
Поделиться в:
ok

Мумие өзүнүн химиялык курамынын пайда болушу абдан татаал жана белгилүу гана дүйнөнүн тоолорунан алынат. Бир нече аталышы бар. Асканын ширеси, тоонун каны, тоо бальзамы сыяктуу аталыштарга ээ. Түрлөрү да көп. Ал адамдын организминдеги торчолорду калыбына келтирет, кабылдап кетүүгө, токсиндерге каршы иштейт, мээнин иштешин жөнгө салууда дагы ролу чоң.

Анын курамына 28 химиялык элементтер, 30 кичи элементтер, 10 окси металлы, 6 амино кислота, бир нече витаминдер тобу жана эфир майы кирет. Элдик дарылоо медицинасында ар кандай оорулар үчүн кеңири колдонулуп келет жана натыйжалуулугу менен айрымаланат.

Азыркы учурда дарыканалардын дээрлик баарынан эле мумиени ыңгайлуу жасалган таблеткаларын тапса болот. Таблеткалардын салмагы 0,2 граммды түзөт.

 Ал эми кабыл алуу өлчөмү бир күндүкү 0,3 грамм. Демек, 3 таблетканы эки күн колдонсоңуз болот. Мумиени күнүнө эки жолу кабыл алуу талапка ылайык. Эртең менен ачкарын, кечинде тамактанаарга 30 мүнөт калганда. Бул көптөгөн оорулардын алдын алат жана дарылайт. Ошондой эле сагыз сыяктуу жана суюк бальзамы да болот. Сөзсүз ооруңузга жараша дарыгердин сунуштоосу, көзөмөлүндө колдонуңуз.

Адамдын сөөгү сынган кезде мумиени эзип, эттин сыртынан сыйпаган. Азыркы медицинада мазь кылып колдонулат же болбосо ар бир мазда мумиенин кошулмасы бар. Чач түшкөндө, тырмак сынганда жана косметикада кеңири колдонулат.

Ссылка: https://barometr.kg/mumiya-e-ele-zgch-zhana-tabyshmaktuu-daryloochu-kasietke-ee-karazhat



Добавить комментарий