Абылгазие Минск шаарына ЕӨАКнын кезектеги жыйынына катышат

26 ноябрь 2018 11:48 782 Улукман Бейшеналиев
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Беларусияга барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйын 27-ноябрь күнү Беларусиянын борбор калаасы Минскиде өтөт. Жыйындык катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелерин карашат.

Анын ичинде Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалардын талкууланышы күтүлүүдө, ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети каралат, ошондой эле 2017-2018-жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет угулуп, башка актуалдуу маселелер каралмакчы.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Ч.Т.Айтматов атындагы парктын салтанаттуу ачылышына катышат.

Буга катар премьер-министр ошондой эле Белорус жогорку технологиялар паркына, Беларус  ГС1 Автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, «Великий камень» индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.

Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgaziev-minsk-shaarynda-eak-kezektegi-zhyjynyna-katyshat



Добавить комментарий