Кумтөр боюнча жаңы келишим түзүлдү

28 август 2019 11:51 1459 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

 «Ѳлкөнүн экономикасы үчүн Кумтөрдүн мааниси чоң», - деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ѳткѳрүлгѳн кеңешмеде.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жана Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуунун алкагында түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондусунун жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондусунун иштөө механизмдери маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Премьер өлкөнүн экономикасы үчүн Кумтөрдүн мааниси чоң экендигин белгиледи. "Кумтөрдүн" ИДПдагы үлүшү 9 пайызга жакын, өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 18 пайызга жакыны да "Кумтөргө" таандык. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында "Кумтөр" 9,37 тонна алтын өндүрдү. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөр катары 4,22 миллиард сом которгон.

"Күчүнө кирген документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тарап милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон милдеттенмелер жазылган. Ушул милдеттенмелер аткарылгандан кийин гана Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирмек. Стратегиялык макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин жалпы суммасы 87 миллион доллар келип түшмет. Биздин өкмөт Макулдашуунун алкагында финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы кол коюлган көлөмүнө макул эместигин билдирген. Узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 миллион долларга чейин көбөйтүлгөн, ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилди. Биз кошумча 63 миллион долларга жетиштик, аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенме алган жокпуз", — деди Абылгазиев.

Ал, андан сырткары, жыл аягына чейин Кыргызстан 77 миллион доллардан ашуун каражат которуларын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgaziev-lknn-ekonomikasy-chn-kumtrdn-maanisi-cho



Добавить комментарий