Мухаммедкалый Абылгазиев: Бишкек чоң айылга айланды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек чоң айылга айланып, шаар катары колорити калбай калганын айтты.
Бүгүн, 16-январда, өкмөт башчынын жетекчилиги алдында өткөн "2020-2030-жылдарга Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүү Стратегиясын бекитүү тууралуу" өкмөттүн токтомунун долбоору талкууланды.
Абылгазиев азыр каалагандай бийиктикте, көлөмдө түрдүү үйлөр салынып жатканын белгиледи.
"Мамлекеттик орган үйдүн сырткы көрүнүшү мындай болот деп бекитип бериш керек. Азыр бир гана адистин кол койгону боюнча салынып жатат. Бири кафель, бири таш чаптап, бири боёп коюп жатат", — деди ал.
Жыйынга катышкандар Бишкек мэриясынын шаар куруу боюнча саясаты жок болуп жатканын айтып, азыр курулушчулар мэрияга көрсөтмө берип, "мен ушундай салам", "мындай салам" деп өзүнүкүн таңуулап жатканына токтолушту.
Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-abylgaziev-bishkek-cho-ajylga-ajlandy
Добавить комментарий ×