Мухаммедкалый Абылгазиев: бир миллиондой киши ишин убактылуу токтотуп турууга аргасыз
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустан улам киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалдан улам Кыргызстанда бир миллиондой киши жумушун токтотуп турууга аргасыз болуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Ал өзгөчө кырдаал менен абал март айынын аягында киргизилип, апрель айында экономика токтоп калганын кошумчалады. Абылгазиев андан сырткары учурда бизнестин абалы кандай болуп жатканы тууралуу толук анализди май айында чыгарып, ал боюнча толук маалымат бериле турганын айтты.
“Бюджет боюнча чоң иш жүрүп жатат. 30 миллиард сомдун тегерегинде акча түшпөйт дегенбиз. Экспорт, импорт менен иштеген компиялар ишин дээрлик толук токтоду. Бул бизге чоң кыйынчылыктарды алып келүүдө. Кытай менен алака эми-эми калыбына келип жатат”, — деди ал.
Өкмөт башчы бул түшпөй турчу акчалардын ордун толтуруу үчүн эл аралык финансылык уюмдардан, донорлордон акча алып жатканын белгиледи. Бул каражаттан ишкерлерге дагы бөлүнөрүн айтты.
Добавить комментарий ×