Мугалим: Окуучуларды сүйбѳсѳң мугалим болуп иштѳѳ кыйын

3 октября 2019 16:02 2692 1 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 3-октябрда  «Жүрѳгүм менин балдарда-2019» атуу мугалимдер кароо-сынагы жыйынтыкталды. Иш чара  Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында болду. Ал  Мугалимдер күнүнѳ арналган.  Сынакка Бишкек шаарынын орто мектептеринин мугалимдери катышкан. Иш чара Бишкек шаардык бийликтин колдоосунда ѳткѳрүлдү. Анда Билим берүү жана илим министри  Каныбек Исаков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов куттуктап, кароо-сынактын жеңүүчүлѳрүн акчалай сыйлыктар, жана баалуу белектер менен сыйлады.

«Мектепте окуп жүргѳн убакта, мугалим мен үчүн портфель менен журнал кѳтѳрүп эле, башка түйшүгү жоктой кѳрүнѳѳр эле. Өзүм мугалим болгондон кийин ары түйшүктүү  кесип экенин түшүндүм. Мектепте окуп жүргѳнүмдѳ Абыкеева Бермет классжетекчимдин таалими мага абдан таасир берген. Ал ар бирибизге кѳңүл буруп, кызыгуу менен ѳз баласындай мамиле жасаган. Ар дайым бизди шыктандырып, мактап тураар эле. Ошол мамиле менин жүрѳгүмдѳ сакталып калган. Мугалимиден алган үлгүнү азыркы күндѳ окуучуларыма колдоном. Эгерде балдарга болгон сүйүү болбосо , мугалим болуп иштѳѳ мүмкүн эмес экенин эми түшүндүм. Жумуштан кийин үйгѳ барганда да  класстагы ар бир бала жѳнүндѳ ойлонуп турасың», -деди «Жылдын мыкты жаш мугалими» сынагынын жеңүүчүсү  №90 толук эмес мектебинин мугалими Залкарбекова Айпери.

Ссылка: https://barometr.kg/mugalim-okuuchulardy-sjbs-mugalim-bolup-isht-kyjyn



Добавить комментарий